Загрузка документа…
КӨТӨРМӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Көтөрмө айылдык кеңешинин кезексиз VI чакырылышынын ХХXI сессиясы
2020-жылдын 5-июну № 31/1
Көтөрмө айыл аймагынын 2020-жылдын 5 айлык чыгаша бөлүгүнүн аткарылышын жана 2021-2022-2023-жылдар үчүн бюджеттин чыгаша бөлүгүнүн божомолун бекитүү жөнүндө
Көтөрмө айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүнү башчысы А.Тажибаеванын Көтөрмө айыл өкмөтүнүнү бюджетинин 2020-жылдын 5 айлык чыгаша бөлүгүнүн аткарылышын жана 2021-2022-2023-жылдар үчүн божомолу жөнүндөгү билдирүүсүн угуп жана талкуулап Көтөрмө айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көтөрмө айылдык аймагынын бюджетинин чыгаша бөлүгүнүн 2020-жылдын 5 айлык планынын аткарылышы 5846,7 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
2. Көтөрмө айылдык аймагынын 2021-жыл үчүн бюджетинин чыгашалар бөлүгүнүн божомолу атайын каражаттар менен биргеликте 17 680,1 мин сом өлчөмүндө бекитилсин.
3. Көтөрмө айылдык аймагынын 2022-жыл үчүн бюджетинин чыгашалар бөлүгүнүн божомолу атайын каражаттар менен биргеликте 17 760,9 мин сом өлчөмүндө бекитилсин.
4. Көтөрмө айылдык аймагынын 2023-жыл үчүн бюджетинин чыгашалар бөлүгүнүн божомолу атайын каражаттар менен биргеликте 17 760,9 мин сом өлчөмүндө бекитилсин.
5. 2021-2022-2023-жылдардын бюджетинин чыгашалар бөлүгүнүн божомолун аткарылышын мыйзам чегинде аткаруу жана көзөмөлдөө айыл аймагынын башчысы М.Токторвко милдеттендирилсин.
6. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кенештин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Тѳрага | Айтмат уулу Акжол |