Загрузка документа…
КӨТӨРМӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Көтөрмө айылдык кеңешинин кезектеги VI чакырылышынын ХХVIII сессиясы
2020-жылдын 5-июну № 31/2
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин 2020-жылдын 28-майындагы № 01-25/119 катынын негизинде айылдык кенештин жооптуу катчысынын 1 штаттык кызмат ордун бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин 2020-жылдын 28-майындагы № 01-25/119 катынын негизинде айылдык кенештин жооптуу катчысынын 1 штаттык кызмат ордун бекитүү максатында
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 4-мартындагы № 124 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтомунун негизинде, калкы 6001 ден жогору болгондуктан Көтөрмө айылдык кеңешине жооптуу катчынын 1 штаттык кызмат орду жана анын айлык акысы бекитилсин.
2. Штаттык бирдик боюнча тиешелүү иш кагаздарын даярдоо жана аткаруу айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнө тапшырылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссияга милдеттендирилсин.
Тѳрага | Айтмат уулу Акжол |