Загрузка документа…
СУУ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Суу-Башы айыл аймагынын айылдык кенештин VI чакырылышынын кезексиз XXVIII сессиясы
2019-жылдын 20-декабры № 40
Суу-Башы айыл өкмөтүнө мамлекеттик ыйгарым укуктарды өткөрүп беруу жөнүндө келишимди бекитуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтуу өз алдынча башкаруу жонундо” Мыйзамынын 20-беренесине жана Кыргыз Республикасынын жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды беруунун тартиби жөнундө мыйзамынын 3-беренесине ылайык, мыйзам жана укук маселелери боюнча туруктуу комиссиянын баяндамасында сунушун угуп жана талкуулап Суу-Башы айылдык кенеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды Суу-Башы айыл өкмөтүнө өткөрүп беруу жөнүндө келишим №1 тиркеме ылайык бекитилсин жана келишим 2020 - жылдын 1 - январынан тартып кучунө кирсин.
2. Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды Суу-Башы айыл аймагында аткаруу милдетине айыл өкмөттүн жооптуу катчысы Пакыров Женишбек Арзыбековичке бекитилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жана аткаруу жагы Суу-Башы айыл өкмөтунун башчысы К. Козуевге милдеттендирилсин
Төрага |
Р. Артыкбаев |