Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ТУУ КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Аксы районунун Кызыл-Туу айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз 25- сессиясы
2020-жылдын 26-марты № 25-2
Келишим түзүү жөнүндө
Кызыл-Туу айылдык кенешинин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012—жылдын 11-апрелиндеги № 202 токтому менен бекитилген “Салыктык укук мамилелери чөйрөсүндө өткөрүлүп берилген ыйгарым укуктардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан ишке ашырылышынын тартиби жөнүндө” Жобонун негизинде» бюджет финансы жана мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап сессия
токтом кылат:
1. Айыл өкмөтүнүн салык кызматкерине мамлекеттик салык кызматы тарабынан мамлекеттик ыйгарым укуктарын өткөрүп алуу жагы милдеттендирилсин.
2. Айыл өкмөтүнүн салык кызматкеринин эмгек акысы, байланыш кызматы, сапар чыгымы жана ар түрдүү чыгымдары Аксы райондук өнүгүү башкармалыгы менен түзүлгөн келишимге ылайык төлөнуп берилсин.
3. Бул токтомду аткаруу жагы каржы бөлүмүнүн башчысы Т.Арстанбаевге милдеттендирилсин.
4. Аталган токтомду расмий сайтка жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы А.Калматовага жүктөлсүн
Төрага | А.Шайдиев |