Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ТУУ КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Аксы районунун Кызыл-Туу айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз 26- сессиясы
2020-жылдын 26-августу № 26-5
Спорт аянтчага ысым ыйгаруу жөнүндө
Кызыл-Туу айылдык кеңешинин социалдык, билим берүү, маданият, спорт тармагы комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап,сессия
токтом кылат:
1. Кызыл-Туу айылынын Батырбек көчөсүндөгү спорт аянтчага маркум Искендеров Болотбектин ысымы ыйгарылсын.
2. Тиешелүү документтерди даярдоо айыл өкмөтүнүн жер адиси Ж.Малабаевге милдеттендирилсин.
3. Аталган токтомду расмий сайтка жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы А.Калматовага жүктөлсүн.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кенештин социалдык,билим берүү, маданият, спорт тармагы комиссиясынын боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | А.Шайдиев |