КЫЗЫЛ-ТУУ КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Аксы районунун Кызыл-Туу айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз 27- сессиясы
2020-жылдын 24-ноябры № 27-1
Айыл өкмөтүнүн аймагындагы Кызыл-Туу УЭСинин аткарып жаткан иштери жөнүндө
Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн аймагындагы Кызыл-Туу УЭСинин башчысы Алымкулов Аскардын маалыматынын негизинде айылдык кеңешинин социалдык, билим берүү, маданият, спорт тармагы комитетинин корутундусун угуп жана талкуулап,сессия
токтом кылат:
1. Айыл өкмөтүндөгү айрым участкалардагы электр мамычаларынын жана чубалгыларынын эски, жараксыз абалда экендиги белгиленсин.
2. 2021-жылга карата Аксы РЭСине жараксыз электр мамычаларын жана чубалгыларын алмаштыруу боюнча сунуш берүү айылдык кенештин социалдык, билим берүү маданият жана спорт тармагы боюнча комитетке милдеттендирилсин.
1. Жогорудагы маселелерди айыл өкмөтү менен Кызыл-Туу УЭСинин кызматкерлери менен биргеликте иш алып баруу жагы сунушталсын.
1. Аталган токтомду расмий сайтка жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы А.Калматовага жүктөлсүн.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кенештин социалдык, билим берүү, маданият, спорт тармагы комиссиясынын боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | А.Шайдиев |