Редакцияот 24.11.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ-ТУУ КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Аксы районунун Кызыл-Туу айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз 27- сессиясы

 

2020-жылдын 24-ноябры № 27-3

Көчөгө ат коюу боюнча

Кызыл-Туу айылдык кеңешинин социалдык, билим берүү, маданият, спорт тармагы комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап, сессия

токтом кылат:

1. Жылгын айылынын кире бериш жеринен тактап айтканда Кой-Ата мазарынан баштап Артыкбаев Бекташ көчөсүнө чейинки 1500 метрдей негизги көчөгө Карабеков Курмандын ысымы ыйгарылсын жана керектүү документтерди даярдоо жер адиси Ж.Малабаевге милдеттендирилсин.

2. Аталган токтомду расмий сайтка жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы А.Калматовага жүктөлсүн.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кенештин социалдык, билим берүү, маданият, спорт тармагы комиссиясынын боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

 

Төрага

А.Шайдиев