КЫЗЫЛ-ТУУ КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Аксы районунун Кызыл-Туу айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз 27- сессиясы
2020-жылдын 24-ноябры № 27-4
Көчөгө ат коюу боюнча
Кызыл-Туу айылдык кеңешинин социалдык, билим берүү, маданият, спорт тармагы комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап, сессия
токтом кылат:
1. Аркыт айылынын Кызыл-Алма көчөсүнө, тактап айтканда Сарай-Сай участкасына чейин көчөгө Саркул уулу Кадыралынын ысымы ыйгарылсын жана керектүү документтерди даярдоо жер адиси Ж.Малабаевге милдеттендирилсин.
2. Аталган токтомду расмий сайтка жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы А.Калматовага жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кенештин социалдык, билим берүү, маданият, спорт тармагы комиссиясынын боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | А.Шайдиев |