КЫЗЫЛ-ТУУ КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Аксы районунун Кызыл-Туу айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз 26- сессиясы
2020-жылдын 24-ноябры № 27-5
Өздүк салымга акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн административдик имаратын капиталдык ремонттон өткөрүү долбоорун колдоо үчүн 2020-жылдын бюджетинин чыгаша бөлүгүнөн каражат берүү жөнүндө бюджет.финансы жана мыйзамдуулук боюнча туруктуу комисиясынын корутундусунун негизинде сессия
токтом кылат:
1. Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн административдик имаратын ремонттон өткөрүү долбоорун колдоо үчүн 2020-жылдын бюджетинин чыгаша бөлүгүнүн 709 (билим берүү) бөлүмүнүн 22311200 (электр энергиясына акы) беренесинен 2398559 (эки жүз отуз тогуз миң сегиз жүз элүү беш) сом акча каражатын, 22241100 (таш көмүрдү сатып алуу) беренесинен 98494 (токсон сегиз миң төрт жүз токсон төрт) сом акча каражатын, 31113290 (башка курулуштарды сатып алуу жана куруу) беренесине жылдырылып, тиешелүү акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Жогорудагы бөлүнүп берилген акча каражатынын сарпталышы боюнча айылдык кеңештин бюджет, финансы ,мыйзамдуулук жана укук тартиби боюнча туруктуу комиссиясына билдирүү берүү жагы айыл өкмөтүнүн каржы бөлүмүнүн башчысы Т.Арстанбаевге жүктөлсүн.
3. Аталган токтомду расмий сайтка жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы А.Калматовага жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин бюджет, финансы, мыйзамдуулук жана укук тартиби боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | А.Шайдиев |