ЖООШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 28-декабры № 14/4
Ар түрдүү маселелер (“Жоош-Абзел-Таза суу” муниципалдык ишканасын түзүү жөнүндө)
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамына ылайык Жоош айыл өкмөтүнүн тургундарын таза суу менен камсыз кылуу, элден түшкөн суроо-талаптарды эске алып, учурда иштеп жаткан ИСКАКБлардын ишин жакшыртуу үчүн аларды ирилештирип кайрадан түзүү максатында “Жоош-Абзел-Таза суу” муниципалдык ишканасын түзүү жөнүндөгү маселелерин угуп жана талкуулап Жоош айылдык кенешинин кезектеги ХIV–сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жоош айыл өкмөтүнүн алдында “Жоош-Абзел-Таза суу” муниципалдык ишканасы түзүлсүн жана төмөндөкүдөй аталсын:
“Жоош-Абзел-Таза суу” муниципалдык ишканасынын толук фирмалык аталышы:
Мамлекеттик тилде: “Жоош-Абзел-Таза суу” муниципалдык ишканасы
Расмий тилде аталышы: Муниципальное предприятие “Жоош-Абзел-Таза суу”
“Жоош-Абзел-Таза суу” муниципалдык ишканасынын кыскартылган фирмалык аталышы:
Мамлекеттик тилде: “Жоош-Абзел-Таза суу” МИ
Расмий тилде аталышы: МП “Жоош-Абзел-Таза суу”
2. “Жоош-Абзел-Таза суу” муниципалдык ишканасы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Юстиция министрлигинин тийиштүү органдарынан мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы мыйзамдуулук, мандат, укук, дин иштери, инвестиция тартуу, долбоорлор менен иштөө жана депутаттык этика боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын
Төрага | П. Жакыпов |