Загрузка документа…
ЖООШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 02-сентябры № 15/4
Ар түрдүү маселелер (Жоош айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан айылдардагы көчөлөргө жаныдан ат коюу жөнүндө)
Жоош айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан айылдардагы көчөлөргө жаныдан ат коюу жөнүндөгү атуулдардын арыздарын жана өткөрүлгөн жыйындардын протоколдорун, Жоош айылдык кенешинин алдындагы социалдык-маданий, билим берүү, спорт, миграция, туризм, жаштар жана саламаттыкты сактоо боюнча туруктуу комиссиянын билдирүүлөрүн карап чыгып Жоош айылдык кенешинин кезектеги IХ –сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жоош айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан айылдардагы көчөлөргө жаныдан ат коюу жөнүндөгү атуулдардын арыздарынын жана өткөрүлгөн жыйындардынын протоколдорунун, Жоош айылдык кенешинин алдындагы социалдык-маданий, билим берүү, спорт, миграция, туризм, жаштар жана саламаттыкты сактоо боюнча туруктуу комиссиянын протоколдорунун негизинде төмөндөгү айылдардын көчөлөрүнө жаёыдан аттар берилсин;
- Большевик айылы боюнча – туура көчөсүнө Каримов Абдырахмандын;
- Ак-Жар айылынын борбордук көчөсүнө Ыманкулов Сейитматказынын;
- Большевик айылындагы Теплица участкасында жаны көчөгө Арапбаев Манаптын;
- Мамажан айылынын Ош көчөсүнө Калыкулов Шанынын;
- Зарбалик айылындагы 8-көчөсүнө Бегалиев Абжапардын;
- Кызыл-Сарай айылындагы кичик көчөгө Маматов Турсунбайдын;
- Большевик айылындагы Конурат арыктын үстүнөн кеткен көчөгө Курбанбаев Мамандын аты коюлсун.
2. Жогоруда аталган Жоош айыл өкмөтүнүн аймагындагы жаныдан коюлган көчөлөрдүн аттарын картага түшүрүп берүү жагы Кара-Суу райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармасынан суралсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы социалдык-маданий, билим берүү, спорт, миграция, туризм, жаштар жана саламаттыкты сактоо боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Төрага | П. Жакыпов |