Загрузка документа…
ЖООШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 02-сентябры № 15/5
Жоош айыл өкмөтүнүн 13.03.2020-ж. №15 токтомун бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 20.02.2020-ж. “GASA-1000” долбоорун ишке ашыруу жөнүндөгү” № 105 токтомун жана Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясынын 04.03.2020-ж. №61-б буйругунун негизинде Жоош айыл өкмөтүнүн 10.03.2020-ж. № 15 токтомун бекитип берүү жөнүндөгүЖоош айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Тиллабаевдин билдирүүсүн карап чыгып Жоош айылдык кенешинин кезектеги ХV–сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жоош айыл өкмөтүнүн 10.03.2020-ж. № 15 токтому бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 20.02.2020-ж. “GASA-1000” долбоорун ишке ашыруу жөнүндөгү” № 105 токтомун жана Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясынын 04.03.2020-ж. №61-б буйругунун негизинде Жоош айыл өкмөтүнүн Ак-Жар айылынын аймагынан өткөрүлүүчү “Датка-Сугд” 500 кВ жогорку чыгалуудагы линиясына Ак-Жар айылынан:
Кайрак айдоо жер аянтынан 2186 м2
Жайыт жер аянтынан 1517 и2
Жалпысы 3703 м2 жана сервитутка 29,13 га жер аянты ажыратылып берилсин.
3. Жалпысы болуп 3703 м2 жана сервитутка 29,13 га жер аянттарын берүүгө макулдук берилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл, суу чарба, жерге жайгаштыруу, архитектура, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын
Төрага | П. Жакыпов |