Загрузка документа…
ЗЕРГЕР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Зергер айылдык кеңешинин (6 -чакырылыштагы) кезектеги 22-сессиясы
2019-жылдын 24-декабры № 82
Зергер айыл өкмөтүнө караштуу Ничке-Сай айылындагы С.Кадыров атындагы орто мектебинин чатырын жана эшик рамкаларын алмаштыруу үчүн 2020-жылдагы жергиликтүү бюджеттин эсебинен акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Зергер айыл өкмөтүнүн 2020-жылдын эсебинен жергиликтүү бюджетин эсебинен Ничке-Сай айылындагы С.Кадыров орто мектебинин чатырын жана эшик рамкаларын алмаштыруу боюнча айылдык кеңешинин “Финансы,Экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана инвестиция маселелери” боюнча туруктуу комиссиясынын кароосунда каралып Зергер айыл өкмөтүнүн финансы экономика бөлүмүнүн сунуштарын угуп жана талкуулап Зергер айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Зергер айыл өкмөтүнө караштуу Ничке-Сай айылындагы С.Кадыров орто мектебинин чатырын жана эшик рамкаларын алмаштыруу үчүн 2020-жылдагы жергиликтүү бюджеттен 646877(алты жүз кырк алты миң сегиз жүз жетимиш жети) сом акча каражаты бөлүп берилсин.
2. Бюджеттин аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин “Финансы, Экономика,бюджет,экономикалык жактан өнүгүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана инвестиция маселелери” боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | С. Кулушов |