Загрузка документа…
ЗЕРГЕР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Зергер айылдык кеңешинин (6 -чакырылыштагы) кезектеги 22-сессиясы
2019-жылдын 24-декабры № 84
Зергер айыл өкмөтүнө айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 20-беренесине жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө” Мыйзамынын 3-беренесине ылайык “Регламент,мыйзамдуулук,укук тартиби жана депутаттык этика” маселелери боюнча турукуу комиссиясынын сунушун угуп жана талкуулап чыгып Зергер айылдык кеңешинин кезектеги 22-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарын Зергер айыл өкмөтүнө өткөрүп берүү жөнүндө келишим түзүүгө макулдук берилсин.
2.Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекттик каттоо кызматынын алдындагы Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды Зергер айыл өкмөтүнүн аймагында аткаруу милдетине айыл өкмөттүн жооптуу катчысы Адилбеков Абдыгул Базарбаевич бекитилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жана аткарууга алуу жагы Зергер айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Бокошовго милдеттендирилсин.
Төрага | С. Кулушов |