Загрузка документа…
ЗЕРГЕР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Зергер айылдык кеңешинин (6 -чакырылыштагы) кезектеги 22-сессиясы
2019-жылдын 24-декабры № 85
Зергер айыл аймагынын Кайрат,Ничке-Сай,Зергер айылдарынын жалпы элдик жыйындарынын сунуштарын кароо жөнүндө
Кайрат айылынын 2019-жылдын 13-декабрындагы жалпы элдик жыйынынын, Ничке- Сай айылынын 2019-жылдын 22-декабрындагы жалпы элдик жыйынынын,Зергер айылынын 2019-жылдын 15-июлундагы жалпы элдик жыйынынын сунуштарын карап,талкуулап чыгып Зергер айылдык кенешинин кезектеги 22-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Зергер айыл аймагынын социалдык-экономикалык жактан эсүп өнүгүүсүнө кошкон салымы үчүн Абдыллаев Муктарали Эргешовичке Зергер айыл аймагынын «Ардактуу атуулу» наамы берилсин.
2. Зергер айыл аймагынын социалдык-экономикалык жактан өсүп өнүгүүсүнө кошкон салымы үчүн Мурзаибраимов Нуржан Бектемировичке Зергер айыл аймагынын «Ардактуу атуулу» наамы берилсин
3.«Зергер айыл аймагынын ардактуу атуулу» жөнүндөгү жобонун негизинде күбөлүк,төш белгисин даярдап берүү жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
4.Зергер айылынын Зергер дарыясына курулган Шамурат участкасына кеткен ички көпүрөгө Мамытов Камыттын ысмы берилсин.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө «Регламент, мыйзамдуулук, укук тартиби жана депутаттык этика» маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин
Төрага |
С. Кулушов |