Загрузка документа…
ЗЕРГЕР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Зергер айылдык кеңешинин (6 -чакырылыштагы) кезектеги 24-сессиясы
2020-жылдын 28-февралы № 90
Жайыт комитетинин 2019-жылдагы бюджетинин аткарылышы жана 2020-жылга бюджетин бекитүү жөнүндө
Зергер айылдык кенешинин кезектеги 24 -сессиясы Зергер жайыт комитетинин 2019-жылдагы бюджетинин аткарылышы жана 2020-жылга бюджетин бекитүү жөнүндө жайыт комтетинин төрагасы М.Абдыллаевдин билдирүүсүн угуп талкуулап чыгып
токтом кылат:
1. Зергер жайыт комитетинин 2019-жылдагы аткарган иштери канааттандырарлык экени белгиленсин.
2. Зергер жайыт комитетинин 2020-жылдагы бюджетинин киреше булагы 520012 сомго, чыгаша бөлүгү 520012 сомго бекитилсин.
3. Жергиликтүү Зергер жайыт пайдалануучулар бирикмесинин мүчөлөрү үчүн жайыт акынын төлөмдөрү төмөндөгүдөй өлчөмдө жүргүзүлсүн.
Жергиликтүү жайыт пайдалануучулар үчүн:
- Кара мал, топоздун бир башына (чон) – 80 сом.
- Кара мал, топоздун бир башына (жаш) – 60 сом
- Кой, эчкинин бир башына – 16 сом.
- Жылкы, эшек, төөнүн бир башына – 80 сом өлчөмүндө бекитилсин.
Сырттан келген жайыт пайдалануучулар үчүн:
- Кара мал, топоздун бир башына (чон) – 150 сом.
- Кара мал, топоздун бир башына (жаш) – 120 сом
-Кой, эчкинин бир башына – 30 сом.
-Жылкы, эшек, төөнүн бир башына – 150 сом өлчөмүндө бекитилсин.
4. Зергер жайыт пайдалануучулар бирикмесинин башка максатка (аарычылык,анчылык,жана туризм максатында) пайдаланылган жайыт жерлерине мыйзам чегинде салыктар чегерилсин.
5. Зергер жайыт комитетинде пайдалануудагы жайыт жерлердин 116281 сом жер салыгы жергиликтүү бюджетке чегерилсин.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Зергер жайыт комитетинин төрагасы М. Абдыллаевге милдеттендирилсин
Төрага | С. Кулушов |