Загрузка документа…
ЗЕРГЕР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Зергер айылдык кеңешинин (6 -чакырылыштагы) кезектеги 25-сессиясы
2020-жылдын 17-июлу № 94
Депутат Мусурманкулов Абдирахим Ходжамовичтин депутаттык мандатын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө
Зергер айылдык Кеңешинин депутаты Мусурманкулов Абдирахим Ходжамовичтин мандатын мөөнөтүнөн мурда токтотууга берген арызын карап чыгып Зергер айылдык Кеңешинин кезектеги 25-сессиясы
токтом кылат:
1.Зергер айылдык Кеңешинин депутаты Мусурманкулов Абдирахим Ходжамовичтин Зергер айыл өкмөтүнө муниципалдык кызматка өткөндүгүнө байланыштуу өз арызынын негизинде депутаттык мандатын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жагы Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясынан суралсын.
2.Зергер айылдык Кеңешине шайлоодо Токтогул-Дыйкан шайлоо Округунан кийинки добуш алган талапкердин арызын кароо жагы Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясынан суралсын.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Зергер айылдык Кеңешинин жооптуу катчысы А. Адилбековго милдеттендирилсин.
Төрага | С. Кулушов |