Загрузка документа…
ЗЕРГЕР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Зергер айылдык кеңешинин (6 -чакырылыштагы) кезектеги 25-сессиясы
2020-жылдын 17-июлу № 97
Аюу айылынын Ак-Терек участкасындагы айылдык мечиттин жанынан айылдык ФАП курууга макулдук берүү жөнүндө
Аюу айылынын 2020-жылдын 22-июлундагы жалпы элдик жыйынынын протоколунун жана Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Мониторинг департаментининин экзогендик процесстерди изилдөө бөлүмүнүн башчысы Т.Изабековдун 04.08.2020-жылдагы №172 корутундусун, «Инженердик-геологиялык изилдөө» ЖЧКсынын 52-20-ИЗ Шифры менен берилген инженердик-геологиялык изилдөө отчетунун негизинде Аюу айылынын Ак-Терек участкасындагы айылдык мечиттин жанынан айылдык ФАП курууга жер учаска ажыратып берүү максатында
токтом кылат:
1. Аюу айылынын Ак-Терек участкасындагы айылдык мечиттин жанынан айылдык ФАП курууга 0,05 га жер учаскасын ажыратып берүүгө макулдук берилсин.
2. Айыл өкмөткө Өзгөн архитектура жана шаар куруу башкармалыгынан жер участогунун ордун белгилеп, тийиштүү документтерин даярдап берүү жагы тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы “Айыл -суу чарба, өнөр-жай,курулуш, транспорт, энергетика маселелери” боюнча туруктуу комиссиясынын курамына жүктөлсүн
Төрага | С. Кулушов |