Редакцияот 15.10.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АЛЛЯ АНАРОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Алля Анаров айылдык Кеңешинин 6-чакырылышынын кезектеги 22- сессиясы

 

2019-жылдын 15-октябры № 5

Алля Анаров айыл  өкмөтүнүн А.Юлдашев көчөсүнүн тургуну Ташматов Кадирбек Абдиловичтин 2019-жылдын 14-октябрь айындагы жазган  арызын карап чыгуу жөнүндө

А.Анаров айылдык Кеңешинин депутаттары жогорудагы маселени угуп жана талкуулап төмөндөгүдөй

ТОКТОМ КЫЛАТ:

Алля Анаров айыл өкмөтүнүн А.Юлдашев көчөсүнүн тургуну Ташматов Кадирбек Абдилович, айыл  өкмөтүнүн Ош-3000 көчөсүнүн борбор жагына өз эсебинен жер асты өткөөлүн курууга уруксат  сурап жазган арызы канаттандырылсын.

Айыл өкмөтүнүн Ош-3000 көчөсүнүн борбор жагына жер асты өткөөлүн курууга тийиштүү документтерди даярдоо жагы арыз ээсине жүктөлсүн.

Токтомдун аткарылышы айылдык кеңештин агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары А.Октамовго жүктөлсүн.

 

Төрага

Р. Худайбердиев