Загрузка документа…
АЛЛЯ АНАРОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Алля Анаров айылдык Кеңешинин депутаттарынын VI-чакырылышынын кезексиз 24- сессиясы
2019-жылдын 23-декабры № 4
Араван РМАнын 20.12.2019-ж. «КРнын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностораралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин 18.12.2019-ж. чыгуу №01-25/327 жана КРӨнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты тарабынан келген 20.12.2019-ж. чыгуу №01/636 каттарынын негизинде, Кыргыз Республикасында 2020-жылда болуучу шайлоолордо денсоолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген шайлоочулардын добуш берүү үчүн шайлоо участкаларына кирүүсүн камсыз кылууга ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында шайлоо участкалары жайгашкан ведомостволук имараттарга кулач өтмөктөрдү (пандуст, перила) куруу үчүн кетчү акча каражаттарын 2020-жылдын жергиликтүү бюджетине киргизүү жөнүндө» сунушун кароо жөнүндө
А.Анаров айылдык Кеңешинин депутаттары күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кыргыз Республикасында 2020-жылда болуучу шайлоолордо денсоолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген шайлоочулардын добуш берүү үчүн шайлоо участкаларына кирүүсүн камсыз кылууга ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында шайлоо участкалары жайгашкан ведомостволук имараттарга кулач өтмөктөрдү (пандуст, перила) куруу үчүн кетчү акча каражаттары Алля Анаров айыл өкмөтүнүн 2020-жылдын жергиликтүү бюджетинен30 (отуз) миң бөлүп берилсин.
2. Токтомдун аткарылышы айыл өкмөтүнүн Ф.Э.Бнун башчысы М.Кадыровго жүктөлсүн.
Төрага | Р. Худайбердиев |