Загрузка документа…
ЧАУВАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Чаувай айыл кеңешинин VI-чакырылыш кезексиз XXVI -сессиясы
2020-жылдын 29-майы № 26/1
Чаувай айыл аймыгынын бюджетинин киреше жана чыгашаларын 2021-2022-2023-жылдарга долбоорун жактыруу жөнүндө
Чаувай айыл аймагынын 2021-2022-2023-жылдар үчүн бюджеттин божомолдуу долбоору 1998-жылдын 11-июнундагы №78
«Кыргыз Республикасынын бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндөгү» мыйзамынын негизинде түзүлүп, Чаувай айыл аймагынын финансы жана экономика бөлүмүнүн башчысы–башкы эсепчисинин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, айылдык кенештин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясында каралгандыгын эске алуу менен Чаувай айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чаувай айыл аймагынын 2020-жылга киреше бөлүгү 2289,8 мин сом, 2021-жылга 2289,8 мин сом, 2022-жылга 2289,8 мин сом кирешелердин долбоору жактырылсын.
2. Чаувай айыл аймагынын 2021-жылга 4688,0 мин сом, 2022-жылга 4664,1 мин сом, 2023-жылга 4664,1 мин сом болуп чыгашалардын долбоору жактырылсын.
3. Чаувай айыл аймагы боюнча жетишпеген суммалар 2021-жылга 2398,2 мин сом жетишпестик менен, 2022-жылга 2374,3 мин сом ,2023-жылга 2374,3 мин сом жетишпестик менен биргеликте жана жетишпеген сумманы КР финансы министрлигинен суралсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин бюджет, экономика жана өнөр жай маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага
| Ж.Тешебаев |