Загрузка документа…
АК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Таш айылдык кеӊешинин депутаттарынын кезектеги 18-сессиясы (жетинчи шайланган)
2019-жылдын 27-декабры № 18/1
Ак-Таш айыл өкмөтүнүн 2020-жылга жергиликтүү бюджетин бекитүү жөнүндө
Ак-Таш айыл өкмөтүнүн 2020-жылдын бюджетин Ак-Таш айылдык кенешинин депутаттарынын финансы, экономика, бюджет экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана инвестиция маселелери туруктуу комиссиясынын берген өзгөртүүлөрү жана толуктоолору менен сессияда каралып, талкууланып, айтылган сын-сунуштарды аткаруу максатында Ак-Таш айылдык Кеңеши
токтом кылат:
1. Ак-Таш айыл өкмөтүнүн бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгү 2020-жылга карата жалпысы 22 974,9 мищ (жыйырма эки миллион тогуз жүз жетимиш төрт миң тогуз жүз) сом, анын ичинен атайын эсеп 3 604,0 миң (үч миллион алты жүз төрт миң) сом жана жайыт үчүн 200,0 миң (эки жүз миң) сом эсебинде бекитилсин.
2. Ак-Таш айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2021-жылга карата болжолдуу планы 23 383,1 миң сомго жеткирүү жагы каралсын.
3. Ак-Таш айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2022-жылга карата болжолдуу планы 23 821,4 миң сомго жеткирүү жагы каралсын.
4. Ак-Таш айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2023-жылга карата болжолдуу планы 24 021,4 миң сомго жеткирүү жагы каралсын.
5. Ак-Таш айыл өкмөтүнүн административдик имаратын (кеңсе) куруу иштери бүтпөгөндүгүнө байланыштуу республикалык бюджеттен түшкөн акча каражатынын эсебинен айыл өкмөттүн бюджетинен 416 700 (төрт жүз он алты миң жети жүз ) сом кошумча акча каражаты ажыратылып берилсин.
6. Ак-Таш айыл өкмөтүндө иштеген кызматкерлердин штат бирдиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 28-мартындагы “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын ишин баалоо жана эмгек акы төлөө шарттары жүнүндөгү” № 131 токтомунун негизинде жалпы штат бирдиги 22 (жыйырма эки), анын ичинен кенже кызматкерлерге 2 (эки) штат бирдиги бекитилсин жана айыл башчылардын эмгек акысы жетектөөчү адис коэффиценти менен, чинге кошумча төлөмдөр төлөнүп берилсин.
7. 2020-жылдын бюджетинин бекитилген долбоорун аткарууда, жыл ичи бекитилген долбоорго өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жана аны айылдык кеңештин сессиясына коюу укугу Ак-Таш айылдык Кеңешинин депутаттарынын экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана инвестиция маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
8. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Таш айылдык Кеңешинин депутаттарынын экономика, бюджет, экономикалык жактан өнгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана инвестиция маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жана Ак-Таш айылдык Кеңешинин төрагасы Б.Акимовго милдеттендирилсин.
Төрага | Б.Акимов |