Загрузка документа…
АК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Таш айылдык Кеӊешинин депутаттарынын кезектеги 19 сессиясы (жетинчи шайланган)
2020-жылдын 19-марты № 19/1
Ак-Таш айыл өкмөтүнүн 2019-жыл ичинде жергиликтүү бюджетинин аткарылышы жана 2019-жылдан калган калдык акчаларды бөлүп, бекитүү жөнүндө
Ак-Таш айыл өкмөтүнүн 2019-жылы жергиликтүү бюджеттин аткарылышы жана 2019-жылдан калган калдык акчаны бөлүп, бекитүү маселеси Ак-Таш айылдык кеңешинин депутаттарынын сессиясында каралып, талкууланып, айтылган сын-сунуштарды аткаруу максатында Ак-Таш айылдык кеңеши
токтом кылат:
1. Ак-Таш айыл өкмөтүнүн киреше бөлүгү 2019-жылда 28 890,7 миң сомго, чыгаша бөлүгү 25 914,4 миң сомго, киреше бөлүгү чыгаша бөлүгүнүн 2 976,3 миң сомго, башкача айтканда бюджет 2 910,4 миң сом, атайын эсеп 65,9 миң сомго артыкчылыгы менен аткарылды деп кабыл алынсын.
2. Ак-Таш айыл өкмөтүнүн бюджетинде калган 2 976,3 миң сом өлчөмүндөгү калдык акча каражаты кошумча сметанын негизинде жумшалсын.
3. 2020-жылдын бюджетин аткарууда жыл ичинде бюджетке өзгөртүүлөр киргизүү укугу Ак-Таш айылдык кеңешинин финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана инвестиция маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Таш айылдык кеңешинин финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана инвестиция маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | Б.Акимов |