Загрузка документа…
АК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Таш айылдык Кеӊешинин депутаттарынын кезектеги 20 сессиясы (жетинчи шайланган)
2020-жылдын 5-июну № 20/1
2019-жылда Ак-Таш айыл өкмөтүнөн жергиликтүү бюджетинин аткарылышы боюнча айыл өкмөт башчысынын отчетун кабыл алуу жөнүндө
2019-жыл ичинде Ак-Таш айыл өкмөтүнөн жергиликтүү бюджетинин аткарылышы боюнча айыл өкмөт башчысынын отчетун угуп аны кабыл алуу маселеси Ак-Таш айылдык кеңешинин депутаттарынын сессиясында каралып, талкууланып, айтылган сын-сунуштарды аткаруу максатында Ак-Таш айылдык Кеңеши
токтом кылат:
1. 2019-жыл ичинде Ак-Таш айыл өкмөтүнөн жергиликтүү бюджетинин аткарылышы боюнча айыл өкмөт башчысынын берген отчету кабыл алынсын жана 2020-жылга койулган план тапшырмалардын аткарылышы көзөмөлгө алынсын.
2. Ак-Таш айыл өкмөтүнөн бюджетинин киреше бөлөгө 2019-жылда 28 890,7 миң сомго, чыгаша бөлүгү 25 914,4 мин сомго, башкача айтканда киреше бөлүгү чыгаша бөлүгүнөн 2 976,3 миң сомго башкача айтканда бюджет 2 910,4 миң сомго артыкчылыгы менен аткарылгандыгы белгиленсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Таш айылдык кеңешинин финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнөгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана инвестиция маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | Б.Акимов |