Загрузка документа…
АК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Таш айылдык Кеӊешинин депутаттарынын кезектеги 20 сессиясы (жетинчи шайланган)
2020-жылдын 5-июну № 20/2
Жергиликтүү бюджетти кошумча булактар менен толтуруу максатында жер салыктарынын жана “таштанды үчүн алынуучу” жыйымдын өлчөмүн көбөйтүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу мамлекеттик салык кызматынын Кара-Суу району боюнча башкармалыгынын 2020-жылдын 20-апрелиндеги № 025/20/08-3/6862 сандуу сунуш катына ылайык, Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин 74-беренесинин 24-бөлүмчөсүнүн негизинде жергиликтүү бюджетти кошумча булактар менен чыңдоо максатында жер салыктарынын жана Салык эмес “таштанды үчүн алынуучу” жыйымдын өлчөмүн көбөйтүү жөнүндөгү маселелерин угуп, талкуулап Ак-Таш айылдык Кеңешинин кезектеги 20-сессиясы
токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу мамлекеттик салык кызматынын Кара-Суу району боюнча башкармалыгынын 2020-жылдын 20-апрелиндеги № 025/20/08-3/6862 сандуу сунуш катына ылайык, Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин 74-беренесинин 24-бөлүмчөсүнүн негизинде жергиликтүү бюджетти кошумча булактар менен чыңдоо максатында “Жер салыктарынын жана Салык эмес “таштанды үчүн алынуучу” жыйымдын өлчөмүн көбөйтүү жөнүндөгү” маселесин кароо жагы айылдык кещештин кийинки сессиясына калтырылсын.
2. Жергиликтүү бюджетти кошумча булактар менен толтуруу максатында жер салыктарынын жана “таштанды өчөн алынуучу” жыйымдын өлчөмүн көбөйтү маселесин райондун аймагындагы башка айыл өкмөттөрдүн үлгүсүндө карап кабыл алуу жагы эсепке алынсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Таш айылдык кеңешинин мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Б.Акимов |