Загрузка документа…
АК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Таш айылдык Кеӊешинин депутаттарынын кезектеги 20 сессиясы (жетинчи шайланган)
2020-жылдын 5-июну № 20/3
“Ак-Таш- таза суу-эл байлыгы” муниципалдык ишканасын түзүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Мыйзамына ылайык жана айыл тургундарынын суроо-талаптарын эске алуу менен, Ак-Таш айыл аймагындагы айыл тургундарын таза суу менен камсыз кылуу, учурда иштеп жаткан ИСКАКБлардын (ичүүчү сууну керектөөчүлөрдүн айылдык коомдук бирикмелердин) ишин жакшыртуу үчүн аларды ирилештирип кайрадан түзүү максатында “Ак-Таш- таза суу-эл байлыгы” муниципалдык ишканасын түзүү жөнүндөгү маселелерин угуп, талкуулап Ак-Таш айылдык Кеңешинин кезектеги 20-сессиясы
токтом кылат:
1. Ак-Таш айыл өкмөтүнүн алдында “Ак-Таш-таза суу-эл байлыгы” муниципалдык ишканасы түзүлсүн жана төмөндөгүдөй аталсын.
“Ак-Таш-таза суу-байлыгы” муниципалдык ишканасынын толук фирмалык аталышы:
Мамлекеттик тилде: “Ак-Таш-таза суу-эл байлыгы” муниципалдык ишканасы.
Расмий тилде: Мунипиальное предприятие “Ак-Таш -таза суу-эл байлыгы”.
“Ак-Таш-таза суу-эл байлыгы” муниципалдык ишканасынын кыскартылган фирмалык аталышы:
Мамлекеттик тилде: “Ак-Таш-таза суу-эл байлыгы” МИ.
Расмий тилде: МП “Ак-Таш -таза суу-эл байлыгы”.
2. “Ак-Таш-таза суу-эл байлыгы” муниципалдык ишканасы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Юстиция министрлигинин тийиштүү органдарынан мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Таш айылдык кеңешинин мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Б.Акимов |