Загрузка документа…
АК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Таш айылдык Кеӊешинин депутаттарынын кезектеги 20 сессиясы (жетинчи шайланган)
2020-жылдын 5-июну № 20/4
Ак-Таш айылдык кеңешинин жооптуу катчысынын кызмат ордун бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агентигинин 2020-жылдын 20-майындагы №01-25/119 сандуу катынын негизинде жана Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2020-жылдын 5-февралындагы “Айылдык кеңештердин акы төлөө негизиндеги кызмат орундарын бекитүү жөнүндөгү” токтомуна ылайык калкынын саны 6001ден жогору айыл аймактарында айылдык кеңештин жооптуу катчысынын 1 штаттык кызмат орду, анын айлык акылары каралгандыгы жөнүндөгү маселесин угуп, талкуулап Ак-Таш айылдык Кеңешинин кезектеги 20-сессиясы
токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агентигинин 2020-жылдын 20-майындагы №01-25/119 сандуу катынын негизинде жана Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2020-жылдын 5-февралындагы “Айылдык кңештердин акы төлөө негизиндеги кызмат орундарын бекитүү жөнүндөгү” токтомуна ылайык калкынын саны 6001ден жогору айыл аймактарында айылдык кеңештин жооптуу катчынын 1 штаттык кызмат орду, анын айлык акылары каралгандыгына байланыштуу Ак-Таш айылдык кеңешинин жооптуу катчысы кызмат ордуна 1 (бир) штаттык бирдик каралсын.
2. Ак-Таш айылдык кеңешинин жооптуу катчысы кызмат ордуна талапкер Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамына ылайык сынактык тандап алуу аркылуу кабыл алынсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Төрага |
Б.Акимов |