Загрузка документа…
АК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Таш айылдык Кеӊешинин депутаттарынын кезектеги 20 сессиясы (жетинчи шайланган)
2020-жылдын 5-июну № 20/5
“Т.Алимбеков атындагы орто мектебинин иштетилбей турган эски спорт аянтчасынын жер аянтын ден соолук борборун уюштурууга бөлүп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Мыйзамына ылайык жана Ак-Таш айыл аймагынын Жылкелди айылындагы Ленин участкасынын тургундарынын суроо-талаптарын эске алуу менен, Т.Алимбеков атындагы орто мектебинин эски спорт аянтчасына ден соолук борборун түзүү жөнүндөгү маселесин угуп, талкуулап Ак-Таш айылдык Кеңешинин кезектеги 20-сессиясы
токтом кылат:
1. Ак-Таш айыл өкмөтүнүн алдында Жылкелди айылындагы Т.Алимбеков атындагы орто мектебинин эски спорт аянтчасынын жеринен ден соолуктуу чыщдоочу борбор уюштурууга жер аянты бөлүнүп берилсин.
2. Ден соолукту чыңдоочу борборду ачууга керектелүүчү акча каражаттар Ак-Таш айыл аймагындагы Жылкелди айылынын жашоочуларынын, демөөрчүлөрдүн ж.б. эсебинен каржылансын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Таш өкмөтүнүн башчысы А.Доорановго милдеттендирилсин.
Төрага |
Б.Акимов |