Загрузка документа…
АК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Таш айылдык Кеӊешинин кезектеги 21 сессиясы (бешинчи шайланган)
2016-жылдын 9-сентябры № 21/5
Ак-Таш айыл өкмөтүнүн жеке менчик үй куруу үчүн жер аянтын ажыратып берүү жөнүндөгү токтомду бекитип берүү жөнүндө
Ак-Таш айыл өкмөтүнүн аймагында туруктуу жашаган тургундарына жеке менчик үй куруу үчүн жер тилкелерин ажыратып берүү жөнүндөгү Ак-Таш өкмөтүнүн 11.08.2016 жылдагы №25 токтомун карап чыгып жана Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 12,13,32 статььяларына ылайык, Ак-Таш айылдык Кеңеши токтом кылат
ТОКТОМ:
1. Жеке менчик үй куруу үчүн Ак-Таш айыл өкмөтүнүн кайра бөлүштүрүү фондусунун Отуз-Адыр (Беш үй) участкасындагы кайракы жеринен 76,0 га жер аянтын ажыратып берүү жөнүндөгү 11.08.216-жылдагы №25 токтому бекитилсин.
2. Ушул токтомду бекитип жана Ош облустук мамлекеттик администрациясына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө сунуш берүү жагы Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.
Төрага |
Б.Акимов |