Загрузка документа…
КЫШТУТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кыштут айылдык Кенешинин 6 – чакырылышынын кезексиз 20 сессиясы
2020-жылдын 11-марты № 8
Кыштут айыл өкмөтүнүн 2020-жылга бекитилген бюджетине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыштут айыл өкмөтүнүн каржы бөлүмүнүн башчысы Айдаров Артыкбайдын билдирүүсүн угуп жана кеңири талкуулап Кыштут айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз XX сессиясы
Токтом кылат:
1. Кыштут айыл өкмөтүнүн 2020-жылдын бюджетинин:
-Аппараттык башкаруу бөлүмүнө каралган
«3111-имараттар жана курулуштар» беренесинин эсебинен 2100,0 миң сом;
-аппараттык башкаруу бөлүмүнүн
«2215-дагы башка кызмат көрсөтүүнү алуу» беренесине -100,0 миң сом;
«3112-машиналар жана жабдуулар» беренесине-2000,0 миң сом толукталып, өзгөртүүлөр киргизилсин.;
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кыштут айыл аймагынын айылдык кеңешинин экономика, финансы бюджеттик маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А.Зикиров |