Редакцияот 13.11.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АБСАМАТ МАСАЛИЕВ АТЫНДАГЫ АЙЫЛдык КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

А.Масалиев айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз XXXIII сессиясы

 

2020-жылдын 13-ноябры № 33/1

А.Масалиев айыл өкмөтүнө караштуу Алыш айылынын тургундарынан түшкөн CASA 1000 долбоору боюнча сунушун кароо жөнүндө

Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап айылдык Кеңештин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. А.Масалиев айыл өкмөтүнө караштуу Алыш айылынан CASA 1000 долбоорунун алкагында тартылуучу өтө жогорку чыналуудагы электр чубалгылары айыл сыртындагы эл жашабаган аймактардан өткөрүлсүн.

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин мыйзамдуулук жана этика боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Айылдык кеңештин

төрагасынын орун басары:

 

Б.Сатывалдиев