Загрузка документа…
МАРКАЗ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Марказ айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 6-чакырылыш кезексиз жыйырма бешинчи сессиясы
2019-жылдын 27-декабры № 141
Марказ айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн 2020-жылга Марказ айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн бюджетин бекитүү жөнүндө
Марказ айылдык Кенешинин күн тартибиндеги каралуучу маселе боюнча Кыргыз Республикасынын 2016- жылдын 16-майындагы №59 «Бюжеттик Кодексинин» негизинде түзүлүп, бюжет жана экономика комитетинде каралып, талкуулангандыгы эске алып, экономика жана каржы бөлүмүнүн башчысы башкы эсепчисинин билдирүүсүн угуп жана талкууулап чыгып Марказ айыл аймагынын айылдык кенеши төмөнкүдөй :
ТОКТОМ КЫЛАТ.
1. Марказ айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн 2020-жылдын бюжети киреше булагы 18706.7мин сомго жана чыгаша бөлүгү 18706.7 мин сомго №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Марказ айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн бюжетинин чыгашалар бөлүгү беренелер боюнча 2020-жылга №2 тиркемеге ылайык аныкталсын.
3. Марказ айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн 2021-жыл үчүн негизги параметрлеринин болжолу менен киреше бөлүгү 19372.5 мин сомго жана чыгаша бөлүгү 19372.5 мин сомго №3 тиркемеге ылайык жактырылсын.
4. Марказ айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн 2022-жыл үчүн негизги параметрлеринин болжолу менен киреше бөлүгү 19539.1 мин сомго жана чыгаша болүгү 19539.1 мин сомго №4 тиркемеге ылайык жаратылсын.
5. Чыкымдарды каржылоо биринчи кезекте корголон беренелерге (эмгек акы, Кыргыз Республикасынын социалдык фондуна, комуналдык чыгымдарга, тамак-аш аз камсыз болгон үй бүлөөлөргө жөлөк пул) жүргүзүлсүн.
6. Бекитилген каражаттар казыналыкты айланып өтүү жолу менен пайдаланууга тыйуу салынсын.
7. Марказ айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн 2020-жылга жергиликтүү бюжетти 2020-жылдын 1-январынанбаштап ишке киргизилсин.
8. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенетин бюжет экономика боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | М. Шамшиев |