Загрузка документа…
ЧҮЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 24-июну № 4/1
Чүй айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан “Айыл чарба багытындагы жерлер категориясынан "Өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер" категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүндө
Чүй айыл өкмөтүнүн Чүй айылындагы №400 контурунада жайгашкан жер тилкесин өткөрүү (трансформациялоо) үчүн берилген материалдарды жана жерди бир категориядан башка категорияга башка же бир түрдөн экинчи түргө которуу (трансформациялоо) боюнча аймактык комиссиянын 2021-жылдын 8-июнундагы корутундусун карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн №169-токтому менен бекитилген 2014-жылдын 19-июнундагы "Жер участокторун трансформациялоо жөнүндө" Убактылуу жобого жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын 2021-жылдын 21-апрелиндеги "Жеңил өнөр жайын өнүктүрүү саясатын жайылтуу максатында Кыргыз Республикасынын жеңил өнөр жайын өнүктүрүү жөнүндө" протоколуна ылайык, ушул тармакка инвестицияларды тартуу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү менен, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 11 жана 13-беренелерин, Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлундагы “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” № 101 мыйзамын жетекчилике алуу менен Чүй айылдык кенеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чүй айыл өкмөтүнүн аймагындагы Чүй айылынын № 400 контурунда “Кыргыз-кытай кагаз фабрикасынын” имаратынын астында жайгашкан аянты 68630 чарчы метр жер тилкесин жеңил өнөр жайын өнүктүрүү максатында иш жүзүндө колдонулушуна жана иштебей жаткан ишканаларын ишке киргизүү зарылчылыгына ылайык "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Өнөр жайдын, транспорттун, байланышттын, энергетиканын, коргонуунун жерлерин жана башка максаттардагы жерлер" категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.
2. Чүй-Токмок "Кадастр" мамлекеттик мекемесинин аткаруучу адиси – Айталиев Ж. Э. тарабынан түзүлгөн 5 380 592 сом жана 591 865,12 сом суммасында эсептөө боюнча айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларын ордун толтуруунун наркын өз убагында төлөп берүүгө "Текстиль Транс" ЖЧКсы милдеттендирилсин.
3. Чүй айыл өкмөтүнүн аймагындагы Чүй айылынын № 400 контурунда жайгашкан жалпы аянты 68630 кв.м болгон айыл чарба сугат айдоо жерлеринин категориясынан "Өнөр жайдын, транспорттун, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер" категориясына которуу (трансформациялоо) Чүй райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу иши Чүй айылдык кеңешинин жер жана агрардык маселелер комитетинин төрагасы Э. Сакаевге, жана Чүй айылдык кенешинин бюджет комитетинин төрайымы С.Джанузаковага жүктөлсүн.
Төрага | Р. Алиев |