Загрузка документа…
КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Бак айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз IX сессиясы
2020-жылдын 5-ноябры № 62
Чет-Кызыл айылынын тургуну А.Обозовдун арызын кароо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү мыйзамына ылайык Кара-Бак айыл аймагына караштуу Чет-Кызыл айылынын тургуну Обозов Алчинбай Назировичтин арызын карап чыгып, айылдын уюлдук байланыш менен камсыз кылуу максатында өзүнө турак жай куруу үчүн бөлүнүп берилген 25м² жер аянтына уюлдук байланыш антеннасын курууга макулдук берүү максатында Кара-Бак айылдык кеңеши
Токтом кылат
1. Кара-Бак айыл аймагына караштуу Чет-Кызыл айылынын тургуну А.Обозовго турак жай куруу үчүн берилген 25м² жер участогуна уюлдук байланыш антеннасын куруу үчүн калктуу конуш багытынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка жерлер” категориясына которууга макулдук берилсин.
2. Тийиштүү болгон документтерди даярдоо жагы Кара-Бак айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жер маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы А.Дилишатовго милдеттендирилсин.
Кенештин төрагасы: | А.Айдаров |
|