Загрузка документа…
КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Бак айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз IX сессиясы
2020-жылдын 5-ноябры № 64
Муниципалдык менчикке кабыл алуу жөнүндө
Кара-Бак айылынын тургуну Жамалов Анапиянын өз арызынын негизинде Кара-Бак айыл өкмөтү тарабынан 26.12.2002-жылы №12-190 сандуу токтому менен турак жай куруу үчүн берилген 0,15га жер аянтынан баш тарткандыгына байланыштуу Кара-Бак айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине кабыл алуу максатында Кара-Бак айылдык кеңеши
Токтом кылат
1. Жамалов Анапияга Кара-Бак айыл өкмөтүнүн 26.12.2002-жылы №12-190 сандуу токтому менен турак жай куруу үчүн берилген 0,15га жер аянты Кара-Бак айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинин турак жай фондуна кабыл алууга макулдук берилсин.
2. Тийиштүү болгон документтерди даярдоо жагы Кара-Бак айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасына тапшырылсын.
Кенештин төрагасы: | А.Айдаров |