КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Бак айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз VIII сессиясы
2020-жылдын 24-июлу № 57
Муниципалдык менчикке кабыл алуу жөнүндө
Кара-Бак айылынын тургуну Т.Төлөмүшовдун өз арызынын негизинде Кара-Бак айыл өкмөтү тарабынан 26.11.2002-жылы №11-174 сандуу токтому менен берилген 0,15 га жер аянтынан баш тарткандыгына байланыштуу Кара-Бак айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинин турак-жай фондуна кабыл алуу максатында Кара-Бак айылдык кеңеши
Токтом кылат
1. Кара-Бак айылынын тургуну Т.Төлөмүшовдун өз арызынын негизинде Кара-Бак айыл өкмөтү тарабынан 26.11.2002-жылы №11-174 сандуу токтому менен берилген 0,15 га жер аянтынан баш тарткандыгына байланыштуу Кара-Бак айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинин турак-жай фондуна кабыл алууга макулдук берилсин.
2. Тийиштүү болгон документтерди даярдоо жагы Кара-Бак айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасына тапшырылсын.
Кенештин төрагасы: | А.Айдаров |
|