Загрузка документа…
КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Бак айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз VIII сессиясы
2020-жылдын 24-июлу № 56
Пайдаланып жүргөн жер аянтын бекитип берүүгө макулдук берүү жөнүндө
Кызыл-Бел айылынын тургуну Маматкулов Субхон Сотиболдиевичтин өз арызынын негизинде Кызыл-Бел айылында 15 жылдан бери үй салып жашап турган 0,15 га жер аянтын кезексиз жеке менчикке бекитип берүү максатында Кара-Бак айылдык кеңеши
Токтом кылат
1. Кызыл-Бел айылынын тургуну Маматкулов Субхон Сотиболдиевичтин өз арызынын негизинде Кызыл-Бел айылында 15 жылдан бери үй салып жашап турган 0,15 га жер аянтын кезексиз жеке менчикке бекитип берүүгө макулдук берилсин.
2. Тийиштүү болгон документтерди даярдоо жагы Кара-Бак айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасына тапшырылсын.
Кенештин төрагасы: | А.Айдаров |
|