Загрузка документа…
КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Бак айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз VIII сессиясы
2020-жылдын 24-июлу № 55
Муниципалдык менчикке кабыл алуу жөнүндө
Кара-Бак айылынын тургуну Сапаров Бектурсун Сатыбалдыевич өз арызынын негизинде Кара-Бак айыл өкмөтү тарабынан 27.08.2002-жылы №8-1142 сандуу токтому менен турак жай куруу үчүн берилген 1063м2 жер аянтынан жана 26.06.2002-жылы №6-93 сандуу токтому менен берилген 1500м2 жер аянтынан баш тарткандыгына байланыштуу Кара-Бак айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине кабыл алуу максатында Кара-Бак айылдык кеңеши
Токтом кылат
1. Сапаров Бектурсун Сатыбалдыевич Кара-Бак айыл өкмөтүнүн 27.08.2002-жылы № 8-1142 сандуу токтому менен турак жай куруу үчүн берилген 1063м2 жер аянтын жана 26.06.2002-жылы №6-93 сандуу токтому менен берилген 1500м2 жер аянты Кара-Бак айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинин турак жай фондуна кабыл алууга макулдук берилсин.
2. Тийиштүү болгон документтерди даярдоо жагы Кара-Бак айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасына тапшырылсын.
Кенештин төрагасы: | А.Айдаров |
|