КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Бак айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз VIII сессиясы
2020-жылдын 24-июлу № 54
Кара-Бак айылынын тургуну Дилишатов Ураимдин арызын кароо жөнүндө
Кара-Бак айылынын тургуну Дилишатов Ураимдин өз арызынын негизинде Кара-Бак айыл өкмөтү тарабынан 29.09.2002-жылы №1-11 сандуу токтому менен менчиктештирилип берилген Кара-Бак айылындагы жайкы клубдун айланасындагы 0,26 га жер участкасынын калктуу конуш багытынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка жерлер” багытына которуу максатында Кара-Бак айылдык кеңеши
Токтом кылат
1. Кара-Бак айылынын тургуну Дилишатов Ураимдин өз арызынын негизинде Кара-Бак айыл өкмөтү тарабынан 29.09.2002-жылы №1-11 сандуу токтому менен менчиктештирилип берилген Кара-Бак айылындагы жайкы клубдун айланасындагы 0,26 га жер участкасынын калктуу конуш багытынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка жерлер” багытына которууга макулдук берилсин.
2. Тийиштүү болгон документтерди даярдоо жагы Кара-Бак айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасына тапшырылсын.
Кенештин төрагасы: | А.Айдаров |
|