Загрузка документа…
КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Бак айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз VIII сессиясы
2020-жылдын 24-июлу № 53
Кызыл-Бел айылынын тургуну Шадыманов Исабектин арызын кароо жөнүндө
Кызыл-Бел айылынын тургуну Шадыманов Исабектин өз арызынын негизинде Кара-Бак айыл өкмөтү тарабынан 21.02.2013-жылы №2-36 сандуу токтомунун менен Кызыл-Бел айылындагы 0,60 га жер аянтын ээлеп турган базар 10 жылдык мөөнөт менен №2 ижара келишиминин негизинде 0,30 га жер аянтына өрүктү кайра иштетүүчү ишкана куруу максатында Кара-Бак айылдык кеңеши
Токтом кылат
1. Кызыл-Бел айылынын тургуну Шадыманов Исабектин өз арызынын негизинде Кара-Бак айыл өкмөтү тарабынан 21.02.2013-жылы №2-36 сандуу токтомунун негизинде берилген Кызыл-Бел айылындагы 0,60 га жер аянтын ээлеп турган базардын 0,30 га жер аянтына 49 жылга өрүктү кайра иштетүүчү ишкана курууга макулдук берилсин.
2. Тийиштүү болгон документтерди даярдоо жагы Кара-Бак айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасына тапшырылсын.
Кенештин төрагасы: | А.Айдаров |