Загрузка документа…
КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Бак айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз VIII сессиясы
2020-жылдын 24-июлу № 52
Кара-Бак айылынын тургуну Т.Төлөмүшовдун арызын кароо жөнүндө
Кара-Бак айылынын тургуну Т.Төлөмүшов өзүнүн жеке менчик 0,35 га жер участогуна кайра иштетүүчү цех куруп иштетүү үчүн калктуу конуш багытынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка жерлер” категориясына которуп өнөр-жай багытына которуу максатында Кара-Бак айылдык кеңеши
Токтом кылат
1. Кара-Бак айылынын тургуну Т.Төлөмүшов өзүнүн жеке менчик 0,35 га жер участогуна кайра иштетүүчү цех куруп иштетүү үчүн калктуу конуш багытынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка жерлер” категориясына которуп өнөр-жай багытына которууга макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жер маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы А.Дилишатовго милдеттендирилсин.
Кенештин төрагасы: | А.Айдаров |
|