Редакцияот 24.07.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

Кара-Бак айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз VIII сессиясы

 

2020-жылдын 24-июлу № 51

Чет-Кызыл айылынын тургуну А.Обозовдун арызын кароо жөнүндө

Чет-Кызыл айылынын тургуну А.Обозов өзүнүн жеке менчик 0,25 га жер участогуна кайра иштетүүчү цех куруп иштетүү үчүн калктуу конуш багытынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка жерлер” категориясына которуп өнөр-жай  багытына которуу максатында Кара-Бак айылдык кеңеши

Токтом кылат

1. Чет-Кызыл айылынын тургуну А.Обозов өзүнүн жеке менчик 0,25 га жер участогуна кайра иштетүүчү цех куруп иштетүү үчүн калктуу конуш багытынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка жерлер” категориясына которуп өнөр-жай багытына которууга макулдук берилсин.

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жер маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы А.Дилишатовго милдеттендирилсин.

 

Кенештин төрагасы:

А.Айдаров