Загрузка документа…
КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Бак айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз VIII сессиясы
2020-жылдын 24-июлу № 50
Зардалы айылында органикалык аймак түзүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Баткен районунун Кара-Бак айыл өкмөтүнө караштуу Зардалы айылында органикалык аймак түзүү максатында Кара-Бак айыл аймагынын айылдык кеңеши
Токтом кылат
1. Кыргыз Республикасынын Баткен районунун Кара-Бак айыл өкмөтүнө караштуу Зардалы айылында органикалык айыл чарбасынын жана жаратылыш ресурстарын үнөмдөөчү технологияларын жайылтуу, айыл жашоочуларына экологиялык таза, органикалык азыктарды өндүрүүгө шарттарды түзүп, аларды таза азыктар менен камсыз кылуу, өндүрүлгөн азыктарды сатууга өбөлгө түзүү менен айыл жашоочуларынын экономикалык абалдарын жакшыртуу аркылуу айыл жеринде туруктуу өнүгүүнү камсыз кылуу максатында Зардалы органикалык аймагы болуп түзүлсүн.
2. Органикалык аймакта органикалык айыл чарба технологияларын жайылтуу, биопрепараттарды, этномофагдарды колдонуу, органикалык жер семирткичтерди өндүрүү, органикалык азыктарды өндүрүү, кайра иштетүү, таңгактоо, сактоо, сатуу стандарттары жана сертификаттоо эрежелери боюнча практикалык жардамдарды алуу жана ошондой эле мындан ары органикалык аймактагы чарбалык иштерди жандандыруу үчүн инвестиция тартуу үчүн Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министирлигинин Органикалык айыл чарба департаментинен суралсын..
3. Кабыл алынган токтомдун аткарылышын Кара-Бак айыл өкмөтүнүн башчысына, жер боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы А.Дилишатовго жана Органикалык айыл чарба департаментинин Баткен терреториалдык филиалынын директору Т.Төлөмүшовко милдеттендирилсин.
Кенештин төрагасы: | А.Айдаров |
|