Загрузка документа…
КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Бак айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз VII сессиясы
2020-жылдын 9-июну № 44
2020-жылдын 13-мартындагы №39 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
CASA-1000 жогорку чыңалуудагы электр аба чубалгыларынын мамычаларын куруу максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 20-февралдагы №105 токтомунун, Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15-июлдагы “Жер участокторун которуу (трансформациялоо)” жөнүндөгү мыйзамынын негизинде Кара-Бак айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Бак айыл өкмөтүнүн аймагына CASA-1000 жогорку чыңалуудагы электр аба чубалгыларынын мамычаларын куруу үчүн айыл өкмөтүнүн кароосундагы №623, 608, 586, 707, 702, 713, 714, 741, 662, 669, 683, 685-контурларындагы 0,94 га жайыт жер аянтынан “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.
2. Алты-Адыр участкасынан элге жер (чек) берүү максатында түзүлгөн генплан жана тийиштүү иш кагаздар CASA-1000 долбоорун ишке ашыруу максатында өзгөрүлүп жаткандыгына байланыштуу кетирилген бардык чыгымдар ААК “Улуттук энергетика иармактар” компаниясына жүктөлсүн.
3. Ушул токтом боюнча тийиштүү иш кагаздарын даярдоо жагы айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
Кенештин төрагасы: | А.Айдаров |