Загрузка документа…
КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Бак айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз VII сессиясы
2020-жылдын 9-июну № 46
Айыл өкмөтүнүн салык кызматкерлеринин отчетун угуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 111-беренесинин 2 бөлүгүнүн негизинде Кара-Бак айыл өкмөтүнүн 2019-жылдын жана 2020-жылдын I-кварталындагы жыйналган салыктардын аткарылышы боюнча киреше боюнча жетектөөчү адиси Ырысбек кызы Айчүрөктүн отчётун угуп жана талкуулап Кара-Бак айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Бак айыл өкмөтүнүн 2019-жылдагы жана 2020-жылдын I-кварталындагы жыйналган салыктардын аткарылышы канааттандыраарлык деп табылсын.
2. Салыктарын өз убагында төкпөгөн салык төлөөчүлөр менен мыйзам чегинде иш алып баруу жагы айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына жүктөлсүн.
Кенештин төрагасы: | А.Айдаров |
|