Загрузка документа…
КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Бак айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз VII сессиясы
2020-жылдын 9-июну № 47
Кызыл-Бел айылындагы Кызыл-Кыр СПАсынын тарифин бекитүү жөнүндө
Кызыл-Бел айылындагы Кызыл-Кыр СПАсынын жалпы элдик чогулушунун жана бюджет маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кара-Бак айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Бак айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл-Бел айылындагы Кызыл-Кыр СПАсынын учурдагы эгиндин түрлөрүнө жана кызмат көрсөтүүгө иштелип чыккан тарифи тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Субьарендага жер алып иштеткендер жана мүчө болуп катталбаган суу пайдалануучуларга тариф эки эселенген тартипте жүргүзүлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасына жүктөлсүн.
Кенештин төрагасы: | А.Айдаров |
Кара-Бак айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл-Бел айылындагы Кызыл-Кыр СПАсынын 1150 га сугат жер үчүн тарифи.
№ | Түрлөрү | 1га | сом |
1 | Бак |
| 12,5 |
2 | Пияз |
| 50 |
3 | Тамеки |
| 40 |
4 | Арпа буудай |
| 18 |
5 | Картошка |
| 20 |
6 | Беде |
| 20 |
7 | Мака жүгөрү |
| 18 |
8 | тамарка |
| 300 |
9 | Ашар |
| 100/участ |
10 | 25% кредиттик кайтарым |
| 78 |
Субьарендага жер алып иштеткендер жана мүчө болуп катталбаган суу пайдалануучуларга тариф эки эселенген тартипте жүргүзүлөт. Суу уурдагандарга 1-жолу 500 сом, 2-жолу 1000 сом айып салынат.
Суу системасын негизсиз бузгандарга 5000 сом айып салынат.