Загрузка документа…
КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Бак айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз VII сессиясы
2020-жылдын 9-июну № 49
Кара-Бак айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Б.Нарматов атындагы орто мектебинин физика мугалими Акматбекова Бүажар Ааламбековнаны КРнын Эмгек сиңирген мугалимине сунуштоо жөнүндө
Кара-Бак айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Б.Нарматов атындагы орто мектебинин физика мугалими Акматбекова Бүажар Ааламбековнанын көп жылдан бери билим берүү тармагында үзүрлүү эмгектенгендигин эске алып, КРнын Эмгек сиңирген мугалимине сунуштоо үчүн Кара-Бак айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Бак айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Б.Нарматов атындагы орто мектебинин физика мугалими Акматбекова Бүажар Ааламбековна КРнын Эмгек сиңирген мугалимине сунушталсын.
2. Иш кагаздарын даярдоо жагы Кара-Бак айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин төрагасынын орун басарына жүктөлсүн.
Кенештин төрагасы: | А.Айдаров |