Загрузка документа…
ДАРА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Дара айылдык Кенешинин (алтынчы чакырылышынын) кезектеги XХIX-сессиясы
2020-жылдын 22-сентябры № 28
Дара айыл өкмөтүнүн Жаны-Жер айылдык маданият үйүнө маданий массалык иштерин уюштуруучу (организатор) штаттык бирдигин киргизүүгө малдук берүү жөнүндө
Дара айыл өкмөтүнүн Жаны-Жер айылдык маданият үйүнө маданий массалык иштерин уюштуруучу (организатор) штаттык бирдигин киргизүү жана эмгек акысын төлөп берүү жөнүндөгү айыл өкмөтүнүн каржы бөлүмүнүн башчысы Ж.Токтомушованын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Дара айылдык кенешинин кезектеги сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Дара айыл өкмөтүнүн 2020-жыл үчүн бекитилген бюджетинин 8-бөлүмдүн (клуб) чыгаша бөлүгүнө Жаны-Жер айылдык маданият үйүнө маданий массалык иштерин уюштуруучу (организатор) штаттык бирдиги кошумча киргизилсин эмгек акысы айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен төлөнүп берилсин. (штаттык бирдиги тиркелет)
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | М.Султанов |