Загрузка документа…
ДАРА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Дара айылдык Кенешинин (алтынчы чакырылышынын) кезектеги XХIX-сессиясы
2020-жылдын 22-сентябры № 29
Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2020-жылдын чыгаша бөлүгүнүн кээ бир беренелерине өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2020-жылдын чыгаша бөлүгүнүн кээ бир беренелерине өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү айыл өкмөтүнүн каржы бөлүмүнүн башчысы Ж.Токтомушованын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Дара айылдык кенешинин кезектеги сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүнүн 9 бөлүм орто мектептердин көмүр сатып алуу 2224 беренесинен үнөмдөлгөн 357,0миң сом (үч жүз элүү жети миң), 1 бөлүм аппарттын эмгек акы төлөө 2111беренесине 304,6 (үч жүз төрт миң алты жүз) сом соц.фонд төлөмдөрү 2121 беренесине 52,4 (элүү эки миң төрт жүз) сом, бардыгы 357,0 (үч жүз элүү жети миң) сом жылдырылып берилсин. (тиркеме тиркелет)
2. Айыл өкмөтүнүн 1 бөлүмүнүн 3111беренесинен (имараттар жана курулмалар) 900,0 (тогуз жүз миң) сомду, 750га жер аянтынын топография жана сьемкасына, эки балдар бакчаларынын курулушу үчүн долбоорлук сметалык ишкагаздарын (ПСД) даярдоого 2215 беренесине (ар түрдүү чыгымдар) жылдырылып берилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | М.Султанов |