Редакцияот 22.09.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ДАРА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Дара айылдык Кенешинин (алтынчы чакырылышынын) кезектеги XХIX-сессиясы

 

2020-жылдын 22-сентябры № 32

Жаңы-Жер айылындагы эски ФАПтын имаратына кыска мөөнөттүү бала бакча ачууга макулдук берүү жөнүндө

“Кыргыз Республикасы менен Эл аралык Өнүктүрүү Ассоциациясынын (ЭАӨА) ортосундагы  каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо жөнүндө” долбоорун ишке ашыруу үчүн кыска мөөнөттүү бала бакчаларын ачуу боюнча З.Байзаковдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Дара айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги ХХIХ сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жаңы-Жер айылындагы эски ФАПтын имаратына кыска мөөнөттүү бала бакча ачууга макулдук берилсин.

2. Бала бакчаны ачууну уюштуруу үчүн стандарттарга, коопсуздук, гигиеналык, санитардык талаптарга жооп берген жай, таза суу, жашылдандыруу, обьектинин айланасына тосмо орнотууну камсыз кылуу, он жылдан кем эмес мөөнөткө чейин мамлекеттик мектепке чейинки билим берүү уюму катары имараттын иштешин колдоого алуу, бардык учурдагы эксплуатациялык  чыгымдарын төлөп берүү жана жайларды талаптагыдай кармоо жагы Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнө жүктөлсүн. 

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин социалдык маселелер   боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары А.Тажибаевге милдеттендирилсин.   

 

Төрага

М.Султанов